03.07.2019 11:38

«Айчүрөк» соода борборунун жанында чет элдик жаран сабалды

«Айчүрөк» соода борборунун жанында чет элдик жаран сабалды

Кечээ, 2-июлда Бишкектин ортосунда жайгашкан «Айчүрөк» соода борборунун жанында чет элдик жаран сабалды. Окуянын тасмасы социалдык тармактарда тарады.

Анда жерде кыймылсыз жаткан кишини башкалар тегеректеп, жардам берүү максатында ага суу куюп жатышканын көрүүгө болот.

«Саат 16:30дар чамасында ушундай жагымсыз окуя болуп кетти. Биздин мекендештер тарабынан башка өлкөнүн жараны (афроамерикалык) сабалды. Жигит соккудан комага түшүп калды, жакындарын табууга мүмкүн болбой жатат. Сабап салган адам азырынча табыла элек» - деп жазылат маалыматта.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул видео боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.